ЭЭАнын директорун президенттин атын жамынган деп күнөөлөп жатышат

  15.05.13   14:42
 336

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Орозбек Нусувалиев инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин атын жамынган. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-майда, басма сөз жыйыны учурунда ЭЭАнын территориясында иштеп жаткан HAN PLAST ЖЧКсынын өкүлү Ахунбай Кошоев жасады.

Анын айтымында, генералдык дирекцияга кандайдыр бир нааразычылыктар көбүн эсе Нусувалиевдин өзүнө пайда болгондо, ал мамлекет жетекчисинин портретин көрсөтүп, ал киши менен күндө кезигип тураарын айтып, бийликте да премьердин колдоосу бар экенин айтуусун шартка айландырып алган.

"Жаңы жетекчиликтин келиши менен мамлекеттеги коррупция менен акча өндүрүү бир аз болсо да басаңдай түшөт деп ишенгенбиз, бирок ал азайгандын ордуна тескерисинче жаңы күч-дем менен өнүгүп жаткандай сезилет. Жогорудагыдай маанилүү объектилерге көчөдөн келген адамдар дайындалып калып жатат", - деп Кошоев нааразычылыгын билдирди.

Эгер абал өзгөрбөсө анда, ЭЭАдагы субъектилер жабылып, аларга тоскоол кылбай турган башка аймак издей башташат.

Эске салсак, бир ишкананын директору Нусувалиевге өз Toyota Land Cruiser унаасын бергенден баш тарткандыгы үчүн даяр продукцияны чыграууга тыйуу салгандыгын HAN PLAST ЖЧКсынын өкүлдөрү "ВБ"га айтып беришкен. Ошондон бери ЭЭАнын генералдык дирекциясы фирманын негиздөөчүлөрүн салык төлөбөй жатат деп негизсиз күнөөлөп жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224032

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.