Кара-Кулжа районунун тургунунан сибир жарасы илдети аныкталган жок

  15.05.13   15:16
 361

Карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча республикалык борборунан, 6-майда сибир жарасы илдетине кабылган деген божомол менен ооруканага жаткырылган Кара-Кулжа районунун тургунунан сибир жарасы илдети аныкталбагандыгын маалымдашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ 14-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасынын инфекциялык оорулар бөлүмүнө Сибир жарасы илдетине кабылган деген божомол менен адам жаткырылган.

Профилактика максатында эпидемияга каршы толук комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224035

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.