Лондондо адам сатууга шектүү катары бир нече киши камакка алынды

  15.05.13   15:28
 294
 

Британ полициясы Лондондун престиждүү эсептелген райондорунун биринде атайын рейд өткөрүп, адам сатууга шектелген алты кишини камака алды. Алардын төртөө Орусиянын жарандары деп айтылып жатат.

Скотленд-Ярд аймагындагы полиция Лондондун чок ортосундагы он үч дарек боюнча текшерүү өткөрдү. Маалыматтарга караганда Орусия, Болгария жана Латвиядан сексуалдык кулчулукка сатылып Британияга келген тогуз аял кармалган. Алар атайын борборго психологиялык жардам алуу үчүн алынып кетти.

Скотленд-Ярд аймагындагы адам сатууга жана сойкулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн детективтери бул атайын операцияга чейин дээрлик үч ай боюу шектүүлөргө байкоо салып жүрүшкөн айтышты. Полиция маалыматына карганда бул кылмыштуу топ бекем чырмалышкан түйүн болуп, өздөрүнүн сайты болгон жана ал аркылуу жарнамаларды берип туршукан.

Аялдарды көбүнчө Чыгыш Европадан алып келишкен. Аларга Лондондон жакшы жумуш убадалап, мейманканаларда администратор болуп иштөөнү сунушташкан. Иш жүзүндө ал аялдарды Британия аймагына чакырып келип алгандан кийин сойкулук менен алаектенүүгө зордоп көндүрүшкөн.

Болжолу бул топтун башында турган адам 44 жаштагы жерлиги орусиялык

аял деп айтылып жатат. Ал дагы камакка алынды. Ошондой эле полиция адам сатуу жана сойкулук, мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу кылмыштарына шектүү катары төрт аял, бир эркекти камакка алган.

Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224036

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.