Конституциялык палатанын жаңы шайланган судьялары ант беришти

  15.05.13   15:32
 256

Бүгүн,15-майда, парламенттин жыйынында Кыргызстандын Конституциялык палатасынын жаңы шайланган судьялары: Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова менен Чолпон Осмоновалар ант беришти.

Белгилей кетсек, Жедигер Саалаев менен Нурлан Садыков депутаттык корпустун колдоосуна ээ болгон жок жана Конституциялык палатага шайланбай калышты.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар Конституциялык палатанын судьясы кызматына төрт адамды бекиткен. Бирок азырынча алар өз милдеттерине кирише элек, анткени кворум эң аз дегенде тогуз адамдан турууга тийиш.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224037

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.