Парламентте жаңы жана каза болгон пенсионерлер тууралуу айтылды

  15.05.13   15:44
 265

2011-жылы Кыргызстанда ардактуу эс алууга 14 миң киши чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 15-майдагы, парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, пенсияга чыккандардын 60% аялдар. "пенсияга чыккан 14 миң кишинин ичинен 2 миңи алыскы жана тоолуу райондордун тургундары, 200 – аскер кызматкерлери. Калгандары катардагы пенсионерлер", - деди Абулгазиев.

Ошондой эле ал 2011-жылы 20 миңден ашык пенсионерлер каза болгонун маалымдады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224039

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.