Сабировдун жардамчысы мындан ары аны калкалабайт

Тахир Мирзаахмедовдун туугандары аны экс-министр Равшан Сабиров сатып кеткендигин билдиришти.
  15.05.13   15:55
 482

Учурда мурдагы социалдык өнүктүрүү министри жана анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун ишине байланыштуу соттук териштирүү аяктоонун алдында турат. 23-майда бул маселе Жогорку Сотто каралып, акыркы чечим чыгарылат. Буга чейинки соттук инстанциялар Мирзаахмедов соттук отурумда көрсөтмөсүн өзгөрткөндүктөн карама-каршы чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров паракорчулукка шектүү делип анын жармчысы Тахир Мирзаахмедовдун көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Ал сурак берип жатып, өзүнүн башчысынан айтуусу боюнча мындай кылмышка баргандыгын билдирген. Бирок райондук сотто ал мурдагы берген көрсөтмөсүнөн баш тартып, акча анын өзүндө калгандыгын айткан. Биринчи Май райондук соту Мирзаахмедовду 6 жыл эркинен ажыратып, Сабировду актаган. 4 ай өткөндөн кийин жардамчысы акча Сабировго берилгендиги тууралуу арыз берген. Шаардык сот Сабировду 5 жылга эркинен ажыратып, Мирзаахмедовдун мөөнөтүн эки эсеге кыскарткан.

Тахир Мирзаахмедовдун атасы Номан Мирзаахмедов жана аялы Мунира Сатывалдиева, ошондой эле адвокаты Руслан Долаев "ВБ"ге берген маегинде Сабиров жардамчысын күнөөнү өз мойнуна алууга үндөп, аны кайра бошотуп ала тургандыгын жана шарттуу түрдө мөөнөтүнүн мурда эркиндикке чыгарам деп убада кылган айтышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224041

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.