Инвестициялык климаттын жакшырышын ББга киргендин жалгыз оң жагы деп табышты

  15.05.13   16:09
 330

Бажы биримдиги (ББ) Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртат. Мындай пикирин бүгүн, 15-майда, "Бажы биримдиги жана Кыргызстан: катышуунун тобокелдиктери жана коркунучтары" деген коомдук форумда Россиянын илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун экономикалык теория бөлүм башчысы Сергей Афонцев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнүн уставында каралган кризистик жардамды алышы инвесторлордун ишенимин жогорулатышы ыктымал. "Жардам албаган күндө деле инвесторлор кызыгат",- дейт ал. Инвесторлордун ишенимине кирүү - Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин жалгыз он жагы экенин серепчи белгиледи.

Афонцев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 1990-жылдары үзүлгөн чарбалык байланыштарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес экендигин мойнуна алды. Мындан тышкары ал ББдан улам Кыргызстандын экспорту көбөйүшү мүмкүн деп айтылып жаткандарды сынга алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224042

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.