Балдар үйүнүн тарбиялануучуларын кесиптик адистикке үйрөтүшөт

  15.05.13   16:06
 232

Военно-Антоновка балдар үйүнүн 20 тарбиялануучусун "Биринчи баскыч" долбоорунун алкагында кесиптик адистикке үйрөтүшөт.

Белгиленгендей, инженер Дмитрий Дергачевдун сунушу "Сорос - Кыргызстан" жаштар программасы аркылуу "Жаштар демилгелери" программасынынын Ачык коом (Нью-Йорк) фонддору тарабынан каржыланып Youth Action Fund жаштар үчүн индивидуалдуу мини-гранттар сынагында колдоого алынган.

Долбоордун негизги максаты – балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга электрик, темир уста, жыгач уста сыяктуу кесиптердин негиздерин үйрөнүп алуусуна шарт түзүп берүү. "Бул минималдуу билим, балдардын балдар үйүнөн чыккандан кийин кадимки турмушка жеңилирээк көнүп кетүүсүнө жардам берет. Кесиптик окуу жайларга тапшырып жатып, алардын кесиптин приоритети, потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүгү бар болот. Окуу жайга тапшырбаса дагы, адистин жанына барып, өз билгендерин татыктуу көрсөтө алат", - деп фонддун өкүлдөрү билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224044

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.