Эртең Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт

  15.05.13   16:32
 306

Эртең, 16-майда, Бишкекте жумушсуздар, студенттер жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн вакансиялардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараны Бишкек шаардык башкармалыгы, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жана Бишкек гуманитардык университети биргеликте уюштурууда.

Жарманкеге 4 билим берүү борбору жана 24 ишкана катышат.

Маалым болгондой, жарманкеде шаардын ишканаларына жана мекемелерине иштөөгө 4 миңден ашык жумуш орундары берилет. Ал эми суденттер өздөрүнүн өндүрүштүк практикасын өткөрүүчү үчүн мекемелерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жарманке саат 10:00дө БГУда өтөт. Дареги: Тынчтык проспекти 27

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224047

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.