Майдын экинчи жарымында Бишкекке "Роснефть" компаниясынын делегациясы келет

  15.05.13   16:43
 267

Пландалып жаткандай майдын соңунда Бишкекке Россиянын "Роснефть" мамлекеттик компаниясынын делегациясы келет. Иш-сапардын негизги максаты аталган компания бир аз мурда эл аралык "Манас" аэропорту менен түзгөн кызматташуу тууралуу келишимди ишке ашыруу маселелери менен байланышкан. Бул тууралуу "ВБ"га КРдин нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

"Бул келишимге 2013-жылдын 22-апрелинде "Роснефть" ачык акционердик коомунун башкаруу төрагасы Игорь Сечин менен "Манас" аэропорту ачык акционердик коомунун президенти Албек Ибраимов кол койгон, келишим ишке ашырылып жатат. Келишимдин алган багыттарынын бири "Манасты" мунай менен камсыз кылуу, азыркы учурда жеткирүү көлөмүнүн маалыматтары аныкталууда, зарыл болгон документтер даярдалып жатат. Отундун алгачкы партиясы республикага жакын арада келиши күтүлүүдө",- деп белгилейт Акенеев.

"Иш сапардын маалында келишимдин башка пункттарын аткаруу тууралуу да сөз болот", деп маалымдады ал. Аларда Кыргызстандагы баардык авиа транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, эң ири "Манас" жана "Ош" аэропортторун жаңылоо жактары каралган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224048

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.