Соцфонд: 360 миң пенсионердин пенсиясы жашоо минимумунан төмөн

  15.05.13   16:44
 308

Кыргызстанда 360 миң пенсионердин пенсиясынын көлөмү жашоо минимумунан төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, парламенттин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө "Ата-Журт" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков аймактардагы тургундардын пенсиясы төмөн экендигин айтып, алар жогорулатууну суранып жаткандыктарын билдирди.

"Чындыгында бизде пенсиянын көлөмү төмөн. 360 миңге жакын адам пенсияны жашоо минимумунан төмөн алышат. Тактап айтканда, айына 4 миң сомго жетпеген акча бөлүнгөн. Биз песионерлер жашоо минимумунан төмөн пенсия албай тургандай системаны иштеп чыгуубуз керек. Бул багытта иш алып барып жатабыз", - деди Абулгазиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224049

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.