Жоомарт Оторбаев ишкерлер менен тоо кен тармагындагы маселелерди талкуулады

  15.05.13   16:51
 284

Бүгүн, 15-майда, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында ишкер коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тоо кен тармагындагы ишканалардын маселелерине арналган биринчи кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

""Кендер жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынды. Биз мындан ары да тоо кен тармагындагы мыйзамдуулукту жакшыртууга ниеттенип жатабыз. Албетте, чечилбеген маселелер дагы жок эмес, бирок коом, өкмөт менен парламент сыяктуу эле аларды түшүнөт. Биз ишкерлердин, экономиканын бул тармагында иштегендердин пикирин дайыма угуп турууну чечтик",- деди вице-премьер.

Ишкер коомчулук тоо кен тармагындагы салык, салык эмес которуулар, өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу маселелерге өз пикирлерин билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224050

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.