Эртең Бишкетин бөлүгүндө жана Чүй облусунун айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

  15.05.13   16:53
 280

Эртең, 16-майда, Бишкетин айрым райондорунда жана Чүй облусунун айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте саат 9-00дөн 17-00гө чейин Скрябин көчөсүндө, Фере, Фирсов, Бакинская, М.Гвардия,Урицк, Ат-Башы, Үч-Курган,Туюкская, Леваневск, Матыев көчөлөрүнүн барчаларында, Лагерноро жана Смоленск кичи көчөсүндө, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Бөкөнбаев, Үмөталиев, Чокморов, Турусбеков, Белгородская көчөсүндөгү № 65 көп кабаттуу үйдө электр энергия өчүрүлөт. Ушул эле убакта Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын бир бөлүгүндө, Кызыл-Байрак, Ак-Түз, Чым-Коргон айылдарында; Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүктөрүндөгү (Фрунзенская, Школьная, Пржевальск, Первомайская, Учительская, Пирогов, Энгельс көчөлөрүндө); саат 10-00дөн 16-00гө чейин Москва районуна караштуу Ак-Суу айылынын бир бөлүгүндөгү (кирпич заводунун кыштагында), Крупская атындагы Винсовхоздо электр жарыгы өчөт.

Аталган аймактарда электр энергиячсынын үзгүлтүккө учурашы 0,4 кВ аба чубалгыларын тарттырып,трансформаторлорду оңдоп, 10 кВ аба электр берүүчү чубалгылардын тегерегиндеги бак-бутактарды тазалап, жогорку вольттогу "Жайыл"көмөкчордонунда оңдоо иштери менен байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224051

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.