Энергетика министрлиги: Кыргызстанда ташты иштетип чыгууга жакшы шарт бар

  15.05.13   17:06
 221

Кыргызстанда ташты иштетип чыгууга абдан жакшы мүмкүндүктөр бар, мындан улам Энергетика жана өнөр жай министрлиги аталган тармакты өнүктүрүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу "ВБ"га Энергетика жана өнөр жай министрлигинин орун басары Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында ведомствонун карамагындагы экономиканын 13 иштеп чыгуучу тармагынын арасында ташты иштетип чыгуу абдан перспективалуу секторлордун бири, анткени металл эмес минералдык продуктулар (курулуш материалдары) өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн 7,8 пайызын түзөт.

"Ташты иштетип чыгуу продукциясын Россия менен Казакстандан ири компаниялары сатып алууга даяр. Энергетика министрлиги экономиканын бул тармагын өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгып жатат",- деп белгиледи Асанов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224052

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.