Парламент Жириновскийдин Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салды

ЖК кечээ, 15-майда, Россиянын Мамдумасынын депутаты Владимир Жириновскийди нон-грата персонасы деп жарыялады жана Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салды.
  16.05.13   09:29
 326

Тишелүү токтомдун долбоорун эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоп беришти.

Эскерте кетсек, өткөн айда Жириновский орус бийлигинин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, карыздын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деген билдирүү тараткан.

Токтомго ылайык, Тышкы иштер министрлигине тишелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков тарабынан Жириновскийдин билдирүүсүнүн этикалык жагдайын карап чыгуу боюнча Россиянын Мамдумасына кат жолдоо сунушталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224059

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.