"Эмен багында" Болот Каракеевдин көргөзмөсү ачылат

  16.05.13   10:25
 303

Бүгүн, 16-майда, Бишкек шаарындагы Семен Чуйков атындагы "Эмен багында" саат 17:00до "Карак"аттуу псевдоним менен иштеп жүргөн сүрөтчү Болот Каракеевдин жеке көргөзмөсү ачылат.

Сүрөтчү Болот Каракеев 1948-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. 1993-жылы кыргыз сүрөт искусствосуна "Карак" аттуу жаңы сөз, жаңы автор, жаңы стиль пайда болот. Пайда болот да көпчүлүккө жагып калат. Көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун табат. Ал сүрөтчүлөр Болот Каракеев менен Александр Карповдун эч кимди кайталабаган сүрөтчүлүк сапардагы жанылыгы эле. Бүгүн биз "Карактын" жаратуучуларынын бири Болот Каракеевдин өнөрканасы менен кененирээк таанышсак болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224060

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.