Футбол: улуттук курама команда Европада достук матчтарын өткөрөт

  16.05.13   09:55
 264

Кыргызстандын улуттук курама командасы бир катар Европа мамлекеттеринде достук матчтарын өткөрүүнү пландап жатат. Кыргызстандын футбол федерациясынын билдиришинче - бул курама команданы АФК - 2014 Кубогунун финалдык раундуна даярдык көрүү максатында башка өлкөлөрдүн федерациялары менен достук матчтарын өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Алгач Кыргызстан Эстониянын курама командасы менен беттешет. Матч 11-июнда Таллин шаарындагы "А. Ле Кок Арена" стадионунда өтөт. Мурда командалар 2000 жылдын 15-ноябрында достук матчында ойношкон. Анда эстондуктар Кыргызстанды 1:0 эсеби менен жеңип кетишкен.

Андан кийин биздин курама команда молдовалыктар менен ойношот.

ФИФАнын 9-майга карата рейтингинде Кыргызстан 143-орунда, эстондуктар – 92, Молдова – 139-орунда.

Ошондой эле Кыргызстан Беларус курама командасы менен да беттешүүнү пландап жатат. Болжол менен ал матч ушул жылдын октябрь айларында Бишкекте өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224062

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.