Ала-Арча суу сактагычына адам чөгүп кетти

  16.05.13   10:15
 306

Ала-Арча суу сактагычына адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Куткаруучулардын айтымында, кечээ, 15-май күнү жаш жигит сууга түшкөн. Суу муздак болгондуктан, анын тарамыштары тырышып, суудан сүзүп чыга албай калган. Анын жок болуп кеткендигин байкаган туугандары дароо куткаруучуларга кайрылышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМнын суучулдары жардамга кетишкен. Сууга чөгүү боюнча быйыл мындай окуя биринчи жолу катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224064

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.