"Сүйүүм менин кайгым" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот

  16.05.13   10:31
 329

Борбор калаабыздагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эртең, 17-май күнү сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун "Сүйүүм менин кайгым" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Көргөзмөнүн максаты - азыркы ааламдашуу шартында кылымдарды карыткан, ата-бабадан калган көркөм мурасты унутта калтыртпай кийинки муунга өткөрүп берүү. Көргөзмөдө автордун чийден жасалган чыгармалары, ташка, булгаарыга чийилген чыгармалары жана май боек менен тартылган сүрөттөрү коюлат.

Маалымат үчүн

Нурбек Жолбунов 1969-жылы Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Болочок сүрөтчүнүн сүрөт дүйнөсүнө аралашуусуна атасынын таасири чон болгон. Ал бир катар эл аралык, республикалык сынактарга, көргөзмөлөргө катышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224065

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.