18-майдан тартып бензинге карата акциздик салык эки эсе көбөйөт

Буга чейин бензиндин тоннасына 1 100 сомду түзгөн акциздин баасы 2 200 сомго чейин жогорулайт.
  16.05.13   10:34
 343

18-майдан тартып бензинге карата акциздик баа кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

2008-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз республикасынын Салык кодексинин аракеттерин жүргүзүү жөнүндөгү" мыйзамдын 11-беренесине ылайык "Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелериндеги талаптарды ишке ашыруунун чаралары жөнүндө" Өкмөттүн токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 18-майынан тартып бензин, жеңил жана орто дистилляттардын түрлөрүнө карата акциздик салык кымбаттап, тоннасына 2 200 сомду түзмөкчү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224066

 Комментарийлер:
#1 жаран
2013-05-16 12:35:50 Цитата / 0 / -

ушу бийликта бакиевдей болуп олкону таштап качкысы келип калган окшойт.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.