Канттагы ЖККУнун базасын Кыргызстан менен Россиянын эсеп палаталары текшерет

  16.05.13   10:56
 316

Канттагы Жамааттык келишим уюмунун (ЖККУ) Канттагы аба базасынын каражаттарынын максаттуу пайдаланылып жатышын Кыргызстан менен Россиянын эсеп палаталары текшерет. Бул тууралуу чечим эки ведомствонун жетекчилери - Эльмира Ибраимова жана Сергей Степашин тарабынан кабыл алынды.

Мамлекеттик текшерүү органдарынын башчылары, ошондой эле Камбар-Ата 1-ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭС каскады сыяктуу кыргыз-россиялык долбоорлорун ишке ашырууга арналган каражаттарды биргелешип аудит жүргүзүү тууралуу макулдашты.

ЖККУнун аба базасынын каражаттарын текшерүү Ибраимованын сунушу боюнча жүргүзүлүп жатат. Текшерүү качан башталаарын жана канча убакытка созулаары азырынча белгисиз.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224068

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.