Биздин бильярдчылар Москва мэринин Кубогундагы финалдын 32/1де күч сынашат

  16.05.13   11:02
 285

Кыргызстандан алты бильярдчы эл аралык Москва мэринин Кубогундагы финалдын 32/1не өтүштү. Мелдештин расмий сайтынын билдиришине караганда, бүгүн, 16-майда, 16/1не өтүү үчүн оюндар старт алат. Анда кыргызстандык Антон Нетесов, Камолиддин Есиддинов, Азат Сабыр уулу, Ызаьбек Раатбеков, Улукман Карагулов жана Дастан Лепшаков чыгышат.

Нетесовдон тышкары аталган бильярдчылардын бардыгы бир оюндан уттуруп, финалдын 32/1не турнирдин төмөнкү сеткасынан өтүштү.

Эске салсак, мындан мурун турнирден эки беттешүүнү тең уттурган Ильяс Адамов чыгып кеткен. Андан кийин плей-оффко чыгуу оюунунда Зайлан Адамов да жеңилип калган.

Бардыгы болуп Кыргызстандын атынан аталган турнирге сегиз бильярдчы катышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224069

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.