"Centerra"дагы үлүштүн азайышын Муралиев менен Ибраевге байланыштырышты

  16.05.13   11:11
 303

"Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы үлүшүнүн азайышы Муралиев менен Ибраевдин бонус алганына байланыштуу болгон",- деп билдирди бүгүн, 16-майда, парламенттин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева.

Анын айтымында, Кыргызстан Centerra компаниясынын акциялар пакетинин негизин кармап туруучу катары өткөн аптада Канаданын Торонто шаарында өткөн акционерлердин жыйынына тиешелүү түрдө даярданышы керек болчу. "Эмне үчүн бир канча жылдар бою өзүнүн кызмат абалынан пайдалангандар КРнын директорлор кеңешинин курамына кайрадан кирди? Эмне үчүн өкмөт аларга жыйында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого кайталап ишеним көрсөттү? Бул кишилер - Амангелди Муралиев менен Бектемир Ибраев мырзалар бонус алганына байланыштуу Кыргызстандын үлүшү кыскарган",- дейт Алтыбаева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224070

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.