УКМК: Сириянын оппозициячыларынын арасынан кыргызстандыктар табылды

  16.05.13   11:24
 300

Кечээ,15-майда, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болгон КМШнын коопсуздук органдары жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 34-жыйынында өзгөчө көңүл Сириядагы эл аралык терроризм менен күрөшүүгө бурулду.

Жыйынга төрагалык кылган Россиянын федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Сириядагы өкмөткө каршы оппозициянын катарында Россиянын 200 жоочу болуп кеткен жарандары бар экенин журналисттерге маалымдады. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) маалыматына таянсак, Сириянын оппозиция күчтөрүнүн арасында бир нече кыргызстандык атуулдар да бар экендиги аныкталган.

КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилери жакын арада Казанда жана Ереванда өткөрүлө турган өздөрүнүн форумдарында аталган маселени талкуулоону улантууга ниеттенишүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224072

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.