Бишкекте өрттөн эки аял жана бир бала жабыркады

  16.05.13   11:50
 287

Бишкектин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн беринен чыккан өрттүн кесепетинен үч адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Тилсиз жоо тууралуу маалымат 101 пульту аркылуу 15-май күнү саат күндүзгү 13:00 чамасында келип түшкөн.

Өрт жатаканадагы комнаталардын биринен келип чыккан. Өрт өчүрүчүүлөр келгенче бөлмөдөгү жууркан-төшөктөр жана эмеректердин теңи күйүп кеткен. Эки аял жана 5 жашар бала жабыркап оорукагана жаткырылган.

Белгилей кетсек, өткөн суткада Бишкекте 4 өрт кырсыгы катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224073

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.