Премьер "Залкар Банкты" россиялык компанияга сатуунун маанилүү экенин белгиледи

  16.05.13   11:52
 296

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун (ААК) 95 пайыз акциясын "Инвестициялык соода бизнес-холдинги" ААКнын сатып алышы атамекендик банк системасына оң динамика алып келе турган маанилүү окуя деп эсептейт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"Кыргыз банкынын акцияларын Россиянын компаниясынын сатып алышы - Кыргызстандын банк тармагына Россиянын ири каржы институттары тарабынан салынган инвестиция болуп саналат. Менин Москвага жасаган жумушчу сапарымдын учурунда кабыл алынган чечимдерден аларды реалдуу иш жүзүнө ашырууга өтүүгө абдан чоң көңүл бурулду. Ошондой эле каржылык кызматташтык, банк ишмердүүлүгүндөгү кызматташтык жөнүндө сөз жүрдү. Бул тармакта болгон акыркы жетишкендик биз сөздөн ишке өтүп жатканыбызды көрсөтүп турат. Келечекте да ушундай болууга тийиш",- дейт Сатыбалдиев.

Эскерте кетсек, "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун мурдагы президент Курманбек Бакиев көзөмөлдөгөн "Азия Универсал Банктын" базасында түзүлгөн. Жаңы банкка лицензия 2010-жылдын 24-декабрында берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224074

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.