"Ак Илбирсте" "Ханыша Назик" тасмасы триумф жаратты

Кечээ, 15-майда, II улуттук "Ак илбирс" кино сыйлыгынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
  16.05.13   11:54
 445

15-майда II улуттук "Ак илбирс" кино сыйлыгынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. 2012-жылы тартылган тасмаларды таразага салган "Кыргыз Оскары" 12 номинация боюнча өз ээлерин тапты. 12 статуэтканын 6сын режиссер Эркин Салиевдин "Ханыша Назик" деген тасмасы илип кетип, триумф жаратты. Уюштуруу ишинин төмөн болушу көрүүчүлөрдү эле эмес, Садык Шер-Ниязды да нааразы кылды.

"Ак Илбирсти" өткөрөм деп кан басымы көтөрүлгөн Кулмендеев

"Ак Илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи адаттагыдай жарым сааттык кечигүү менен башталды. Былтыр биринчи жолу өтсө да уюштуруу иши жогорку деңгээлде болуп, башталышынан аягына чейин концерттик программа менен коштолгон. Өткөн жылдагы аземди Эрнест Абдыжапаров уюштурса, бу жолкусун "Кыргызфильмдин" башчысы Таалайбек Кулмендеев өз мойнуна алган. Уюштуруу ишине ичи чыкпаган Кыргызстан кинематографисттер бирлигинин башчысы Садык Шер-Нияз Кулмендеев менен "разборка" болорун тамаша-чынын аралаштырып айтып алды. Ал ортодо аталган иш-чараны уюштурам деп күнү-түнү чуркаса да техниканын ойдогудай иштебегенин көрүп уюштуруучу Таалайбек мырза кан басымы көтөрүлүп жыгылып калган.

"Алып баруучулар чабал болду"

Улуттук кино сыйлыкты тапшыруу аземи техниканын айынан тасмалар убагында көрсөтүлбөй, көрүүчүлөрдү да, уюштуруучуларды да ыңгайсыз кылды. Көрүүчүлөр аземдин алып баруучулары туура эмес тандалганына да нааразы болушту. Иш-чарага конок катары чакырылган, "Ээнсиреген үй" тасмасында башкы ролду жараткан жаш актриса Марал Койчукараева алып баруучулардын чабалдыгын айтат. "Мен жана башка актрисалар кызыл килемден басып келатканда тааныштырып койгонго жарашкан жок. "Мыкты актриса" наамын албашымды мурун эле билгем жана ага эч кандай нааразы эмесмин. Болгону уюштуруучулар конокторду атайын чакыргандан кийин эл алдында атыбызды атап койсо болмок", - деди. "Президент жана бомж" тасмасынын режиссеру Ырыс Окенова "Эң көрүмдүү тасма" менен "Мыкты продюсер" номинацияларынын бириктирилиши туура эмес болуп калган деп эсептейт.

"Чоң иш болуп жатканда майда нерселерге көңүл бурбаш керек"

"Ак Илбирс" сыйлыгын түптөгөндөрдүн бири - белгилүү кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков чоң иш болуп жатканда майда нерселерге көңүл бурбаш керек дейт. "Жалпысынан сыйлык тапшыруу аземи жакшы өттү. Эми кемчилик да болбой койбойт да. Өзү эч нерсе кылбагандар гана сын айтышы мүмкүн. Бирок бул сыйлыктын уюштурулушунун өзү чоң эрдик. Кыргыз киносу ушундай электен өткөрүүдөн кийин гана өсөт. Жаш киночуларга дем берип турушубуз керек. Анан албетте күрөш болгон жерде жеңүүчү да, жеңилген да адам болот. Болгону жеңиле билишибиз керек" деген оюн ортого салды. Мындан сырткары Сүйүндүков өкмөт тарабынан эч кандай акчалай жардам болбогонун, иш-чарага кеткен чыгымдарды сыйлыктын негиздөөчүлөрү өздөрү көтөргөнүн кошумчалады.

"Ханыша Назиктин" жылдызы жанды

Ошентип, режиссер Эркин Салиевдин "Ханыша Назик" аттуу тасмасы "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Мыкты аял ролу (Эркин Салиевдин кызы, 10 жаштагы Айдай Салиева), "Мыкты оператор" (Хасан Кыдыралиев), "Мыкты сүрөтчү" (Эркин Салиев) жана "Мыкты сценарий" номинациясында жеңүүчү болуп табылды. Ал эми жаш кинорежиссер Айдай Чотуеванын "Мезгил жана Алыкул" тасмасы "Мыкты эркек ролу" (Чыңгыз Мамаев), "Мыкты үн режиссеру" (Али Ахмадиев) жана "Мыкты монтажчы" (Эльдияр Мадаким) номинациясында жеңүүчү аталды. "Мыкты даректүү тасма" номинациясында Искусство институтунун бүтүрүүчүсү, жаш кинорежиссер Абдуалим Мамадалиевдин "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыга эмне бар?" тасмасы татыктуу болду. "Мыкты кыскаметраждуу тасма" номинациясына Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" тасмасы татыды. "Эл көп көргөн тасма жана мыкты продюсер" номинациясында Ырыс Окенова менен Өмүрзак Төлөбековдун "Президент жана бомж" тасмасы ийгиликке жетишти. Ошондой эле "Кыргыз кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн" деген өзгөчө сыйлык Геннадий Базаровго тапшырылды.

Триумфатор Эркин Салиев: "Мен чынында мынча сыйлык алам деп ойлогон эмесмин. Уюштуруучуларга 10 сыйлыктан кантип бирди албайын деп тамашалагам" деп кубанычын жашырган жок.

Эске сала кетсек, былтыр "Ак Илбирстин" алгачкысы былтыр 27-октябрда өтүп, Артык Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" тасмасы 5 номинацияда жеңүүчү деп табылган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224075

 Комментарийлер:
#1 123
2013-05-16 12:39:47 Цитата / 0 / -

эмнеге макалада каталар көп?

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.