Депутат чек арага бийик секи орнотуу маселесин көтөрүп чыкты

  16.05.13   12:03
 331

"Казакстан менен чектешкен эки чек ара өтмөгүнө бийик секилерди орнотуу керек", - Мындай пикирин бүгүн, 16-майда парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар менен жолугуу учурунда ал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Көк-Сай" жана "Сатке" өтмөктөрүндө болуп кайткан.

"Солдаттар кароол секисин курууну суранышууда. Казактандын чек арасында андай секи бар экен. Биздин солдаттар "Көк-Сай" чек ара өтмөгүнө бирди жана "Саткеге" эки секи курууну өтүнүп жатышат",- деди Жумабеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224077

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.