Бишкекте Россиянын айыл-чарба техникаларынын күнү өткөрүлөт

  16.05.13   12:40
 359

Россиянын айыл чарба техникаларынын күнү Бишкекте 22-майда өткөрүлөт. Россиянын "Росагромаш" айыл чарба техникаларынын өндүрүшчүлөр ассоциациясынан кабарлашкандай, иш-чара Бишкекте 22-майдан 24-майга чейин өткөрүлө турган эл аралык "Айыл-Агро 2013" агро өнөржай көргөзмөсүнүн алкагында болот.

Бул күндүн уюштуруучулары Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгү. Айыл-чарба техникаларынын күнүy белгилөөгө бүткүл республика боюнча 300дөн ашуун дыйкан-фермерлердин келиши күтүлүп жатат. Аларга КРдин айыл чарба тармагына машина жана жабдууларды жеткирүүгө кызыкдар болгон россиялык компанияларды тааныштырышат.

"Техникалык жабдуунун эсебинен кайра иштетүү тармагынын өнүктүрүү Кыргызстан коңшу мамлекеттерге экспорттой ала тургандай кылып, кошумча баасы бар айыл чарба продукцияларынын көлөмүн көбөйтөт эле",- дейт "Росагромаш" ассоциациясынын директору Евгений Корчевой.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224079

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.