Келдибеков: Кумтөр маселеси чечилмейинче Жерүйдү сатпоо керек

  16.05.13   13:25
 378

Бүгүн, 16-майда, парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков Кумтөр маселеси чечилмейинче Жерүйдү иштетүүгө берүү үчүн лицензияны аукционго коюу максатка ылайыксыз экендигин айтты.

Анын айтымында, Күмтөр маселеси экологиялык катастрофага байланыштуу келип чыккан.

"Эгерде мөңгү уулу зат калдыктарын сактоочу жайга жете турган болсо, анда анын баары сууга кошулат да Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия экологиялык катастрофага учурайт. Бул маселени эч ким чечкен жок, өкмөттүк комиссиянын иши азырынча бүтө элек. Отуруп алып соодалашып жатышат. Эмне үчүн премьер Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүү жүргүзүүсү керек? Сүйлөшүүлөр "Камеко" менен жүргүзүлүүсү шарт", - деди Келдибеков.

Ошондой эле ал Centerra Gold Inc. "Кумтөрдүн" акционери экендигин айты өттү.

Келдибеков Кумтөр маселеси чечилмейинче Жерүйдү аукционго койбош керек экендигин баса белгиледи.

"Эл менен эч ким эсептешкен жок. Ойлонбостон туруп аны аукционго коюп коюшу", -деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224082

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.