Түркияда түрк тилдүү диаспоралардын маселелерин талкуулашты

  16.05.13   13:39
 280

14-майда Анкарада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алдындагы диаспоралар менен иштөө боюнча жумушчу топтун 2-жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн КРдин тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын диаспоралар менен иштетүү милдети тапшырылган мамлекеттик органдарынын башчылары катышты.

Анда чет элде жүргөн мекендештердин укуктары менен кызыкчылыктарын мамлекеттик колдоого алууга багытталган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы стратегия кабыл алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224083

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.