Мадумаров "кетсинизм" түшүнүгүн жок кылууга чакырды

  16.05.13   13:50
 310

Кыргызстанда оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнүн пикир алмашуусунда "кетсинизм" деген түшүнүктү жок кылуу керек жана конструктивдүү сүйлөшүүгө өтүүсү шарт. Мындай пикирин бүгүн, 16-майда, маалымат жыйынында "Бүтүн Кыргызстан"оппозициячыл партиянын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Ал бийлик адамдары жогорку трибунада туруп алып дал ушундай сөздөрү көп колдоноорун айтып таң калды.

"Жакын арада эле президенттин эки жылдан кийин биз Россияга жардам бере баштайбыз деген сөзү менин күлкүмдү келтирди. Бул нонсенс. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Жерүй алтын кенинин баасы менен тааныштырганда мен таң калдым. Ал өтө эле жогору бааланган. Мындай бааны ким койду, элби? Бул баа кайдан чыкты?" – деди Мадумаров.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224084

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.