Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы "Роснефть" менен кызматташат

  16.05.13   14:07
 246

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) Россиянын "Роснефть" мамлекеттик компаниясы менен активдүү кызматташат. Бул үчүн жакын арада "Роснефтинин" делегациясынын Бишкекке жасай турган иш сапарынын алкагында бир катар сунуштар ортого салышмакчы. Бул тууралуу "ВБ"га КНАнын президенти Жумакадыр Акенеев маалымдады.

Ал бир аз мурда "Роснефть" компаниясы "Манас" эл аралык аэропорту менен авиа транспорт инфраструктурасын жаңылоо, күйүүчү май менен камсыздоо тууралуу келишим түзгөнүн эскертти."Бирок биздин мамлекет Россиянын ири компаниясы менен кызматташа турган дагы башка багыттар бар",- дейт КНАнын президенти.

Мындай багыттардын бири - республикада иштеп жаткан жана иши убактылуу токтоп турган заводдорго чийки мунайды жеткирүү. ""Роснефть" КРдин мунай газ кендерин геологиялык чалгындоо иштерине дагы жардам берет эле",- деп эсептейт Акенеев. Компанияга ошондой эле май куюучу жайларды өнүктүрүүгө катышууну сунуш кылышмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224085

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.