Мадумаров вице-премьер болуп тургандагы эмгектерин айтып мактанды

  16.05.13   14:06
 362

Бүгүн, 16-майда, маалымат жыйынында "Бүтүн Кыргызстан"оппозициячыл партиясынын лидери Адахан Мадумаров социалдык тармак боюнча вице-премьер болуп турганда башталгыч класстын окуучулары үчүн бекер ысык тамак уюштургандыгын айтып мактанды.

Анын айтымында, бул кызматка келгенде Мадумаров мектеп окуучулары, пенсионерлер жана калктын социалдык коргоого муктаж катмары үчүн көп жеңилдиктерди жасоого жетишкен.

"Мектептерде акча чогултуу маселесин мен жокко чыгаргам. Башталгыч класстын окуучулары үчүн бекер ысык тамак уюштуруу сунушун киргизгем. Окуу методикалары жыл сайын жаңыланып турган. Ошондой эле жаңы төрөлгөн наристе беш жашка чыкканга чейин эмдөөнү мамлекеттин эсебинен бекер алуусуна шарт түзгөм. Жашы 74төн жогору болгон пенсионерлер дагы мамлекеттин эсебинен дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн", - деди Мадумаров.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224086

 Комментарийлер:
#1 Аман
2017-10-13 19:24:12 Цитата / 0 / -

Адахан бул элдин тандоосу

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.