"Айыл-агро - 2013" көргөзмөсүнө даярдык көрүлүп жатат

  16.05.13   14:30
 311

Кечээ, 15-майда, Бишкекте 22-майдан 24-майга чейин өткөрүлө турган эл аралык агро өнөржай "Айыл-агро - 2013" көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынтыктоочу жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев көргөзмөнү ийгиликтүү өткөрүү айыл чарба техникаларын чыгаруучу фирмаларга дагы, атайын техника менен таанышып жана сатып алыш үчүн айылдык фермерлерге дагы пайдалуу экенин белгиледи.

2 миң чарчы метр аянтта жайгашкан көргөзмөдө алты өлкө: Россия, Италия, Германия, Кытай, АКШ менен Түркиядан 25 компания өз продукциясын сунуштайт.

Трактор, комбайндан тышкары тамак-аш жана айыл чарба продукциясын кайра иштете турган жабдуулар коюлат.

Көргөзмөнүн расмий ачылышы 22-майда баш калаанын Эски аянтында саат 10:00гө белгиленди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224089

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.