Улуу Британиянын элчилиги Максим Бакиевдин жагдайын жеке иш деп атады

  16.05.13   14:53
 310

Бүгүн, 16-майда, 2010-жылы апрель окуясында жабыр тарткандар менен курман болгондордун жакындары Бишкектеги Улуу Британиянын элчилигинин имаратынан алдына митингге чыгышты.

Алар "Улуу Британиянын бийлиги өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди жашырып жатат",- деп нааразылык билдиришти.

"Мекен шейиттер" коомдук бирикмесинин өкүлү Осунбек Жамансариевдин "эмне үчүн демократиялык баалуулуктарды карманган Улуу Британия Кыргызстанда жүздөгөн адамдарды өлтүргөн кылмышкердин уулун жашырып жатат?" деген суроосуна, элчиликтин өкүлү Рои Уилсон "дипломатиялык өкүлчүлүк жеке иштерге жооп бербейт" деген жообун узатты.

"Мага белгилүү болгондой кыргыз тарап Максим Бакиевдин экстрадициясын талап кылып Улуу Британияга документ жөнөткөн. Маселе каралып жатат, убакыт керек",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224090

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.