Прокуратура органдарынын кызматкерлерин Москвага окууга жөнөтүштү

  16.05.13   15:50
 299

Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлери Москва жана Санкт-Петербург шаарларына Россия федерациясынын Башкы прокуратура академиясынын жогорку окуу жайларынан кесипкөйлүгүн жогорулатыш үчүн бир айлык курстан өтүп келүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз борбору маалымдады.

Окуу программалары прокуратуранын жетекчи кадрлары, ошондой эле соттордо мамлекеттик айып сала турган катардагы прокуратура кызматкерлерине багытталган. Курстарды аяктагандан кийин академиянын сертификаттары берилет.

Ошондой эле май айынын соңунда прокуратура органдарынын 30 кызматкери Түркиянын Юстиция министрлигинин академиясына адистигин жогорулатыш үчүн окууга жөнөтүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224093

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.