Сокулук районунда бир күндө эки адамды автоунаа сүзүп кеткен

  16.05.13   15:48
 318

Сокулук районунда бир күндө эки адамды автоунаа менен сүзүп кетүү фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 22.30 чамасында 28 жаштагы Бишкектин тургуну Daihatsu үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жатып, 33 жаштагы Сокулук районунун тургунун автоунаасы менен сүздүрүп кеткен.

Анын кесепетинен денесинен жарат алган адам аймактык ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле Москва районунун 26 жаштагы тургуну Audi-80 үлгүсүндөгү автонунааны башкарып кел жатып, Военно-Антоновка айылынын жолунун жээги менен кетип бара жаткан адамды машинасы менен сүздүрүп алган.

Ал адам дагы денесинен жарат алып райондук ооруканага жеткирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224094

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.