Эне күнүнө карата "Кутман эне" сыйлыгы тапшырылды

  16.05.13   16:05
 272

Кечээ Бишкек шаарында Эне күнүнө карата "Кутман эне" сыйлыгы Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова, Апсамат Масалиевдин жубайы - Кыйрыниса Масалиева, ошондой эле "Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун энеси Жумабүбү Байтерековаларга тапшырылды. Бул туурасында "Замандаш" партиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Эне-бул үйдүн куту. Ар бирибиз өзүбүздүн энелерибизди урматтап алуубуз керек, алардын бактылуу карылыкта өмүр сүрүүсүнө кам көрүүбүз зарыл", - деди партиянын тең төрагасы Эмилбек Өмүракунов.

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстанда Эне күнү ар жылы май айынын 3-жумасында белгиленет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224095

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.