Түрк маданиятынын жумалыгы өткөрүлөт

  16.05.13   16:07
 233

18-майдан баштап 24-майга чейин Бишкек шаарындагы "Хаятт" мейманканасында жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында түрк маданиятынын жумалыгы уюштурулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган иш-чарада түрк маданиятынын музыкадан тартып, ашканага чейинки ар кандай салттары көрсөтүлөт. Түркиянын таанымал оркестринин дирижеру жана композитору Муса Гөчмен, Сема бийчилер тобу жана сүрөтчү Сафаинин катышуусу күтүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224097

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.