Батукаев боюнча депкомиссия эки медициналык корутундунун туурасын тандап алат

  16.05.13   16:10
 292

"Мыйзамдагы ууру Азиза Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссия эки медициналык корутундунун туурасын тандап алуусу керек". Мындай пикирин бүгүн, "ВБ"га КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн комиссия жыйын өткөрүп Батукаевдин курч лейкозго кабылгандыгы тууралуу корутунду берген медициналык комиссиянын жана дарыгерлердин эксперттик тобунун маалыматын уккан.

"Биз эки топтун тең чыгарган корутундусу менен тааныштык. Эми депутаттык комиссия мүчөлөрү дарыгерлер тобунун кимиси туура, кимиси туура эмес корутунду чыгаргандыгын аныкташыбыз керек. Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн комиссия толук курамда чогулуусу шарт", - деди Ниязалиева.

Депутат комиссиянын бүгүнкү жыйынына төрт гана депутат катышып, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго гана жооп алгандыгын айтты.

"Чечим кабыл алуу үчүн бардыгын дыкат таразалап чыгуу керек. Мен бул маселе ишти белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирет деп ойлобойм. Эмки жумада комиссия өзүнүн корутундусун чыгарат", - деди Ниязалиева.

Эскерте кетсек, криминал авторитети Азиз Батукаев дарыгерлердин кан рагы деп чыгарган жыйынтыгынын негизинде Нарындагы №4-СИЗОдо жаза өтөп жаткан жеринен 9- апрель күнү мөөнөтүнөн мурда чыгарылган. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге чартердик рейс менен Кыргызстандан Грозныйга учуп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224098

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.