УКМКнын телефон аркылуу сүйлөшүүнү тыңшоосуна уруксат берүү талкууланды

  16.05.13   16:13
 263

Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринин жарандардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн сот чечиминин негизинде гана тыңшоосуна уруксат бере турган "КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Буга ылайык, Жаза-процесстик кодекске, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Тармактык комитет төрагасы телефон тыңшоочу техникалык жабдуулардын бир колдо туруу зарылчылыгынан улам УКМКга ушундай укук берилип жаткандыгын билдирди. Телефон тыңшоо жүрүмү прокуратура органдарынын көзөмөлүндө болот. Угуучу аппараттарга катуу көзөмөл керек. Жеке адамдардын да тыңшоосу жабдууларды колдонуп жаткандыгы жаатында фактылар бар. Сот тарабынан телефон тыңшоо мөөнөтү да алдын ала так аныкталууга тийиш.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224100

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.