Депутаттар энергетика тууралуу мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алышты

  16.05.13   16:52
 317

Бүгүн, 16-майда, парламент депутаттары үчүнчү окууда "Энергетика жөнүндө" мыйзамды кабыл алышты.

Мыйзам долбоору аткаруу бийлигинин энергетика тармагындагы атайын эки органын аныктоо жагын карайт. Биринчи орган энергетика жаатындагы саясаты иштеп чыгуу жана мамилени жөнгө салууну өз ичине камтыйт. Экинчисине- энергетика тармагындагы көзөмөл кылууга- техникалык коопсуздук менен камсыздоо органы жооп бермекчи.

Долбоорду сунуштаган авторлор буга чейин сунушталып жаткан мыйзам республиканын мыйзамдарына карама-каршы келбей турганын белгилешкен. Бул мыйзамды кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224104

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.