Гимнди аткарууда колду төшкө алуу милдетүү деп табылды

  16.05.13   17:20
 290

Бүгүн,16-майда парламенттин жыйынында депутаттар "КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон жок.

Эскерте кетсек, буга чейин парламентте гинди аткарууда колду төшкө алууга байланыштуу бир топ талаш-тартыш маселелер жаралып келген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери колду төшкө алуу бардык демократиялык мамлекеттерде мыйзам эмес эле салтка айлангандыгын билдиришти.

"Өлкө жарандарынын мамлекеттик символдорго болгон патриоттук сезимдерин жогорулатуу, мамлекети менен сыймыктануу сезимин күчөтүү, мекенине болгон сүйүүсүн арттыруу үчүн гимнди аткарып жатканда колду төшкө алуу маанилүү деле эмес. Мындай сезидер өз эрки менен чын жүрөктөн чыгуусу керек",- дешет мыйзам долбоорунун демилгечилери.

Алардын айтымында, "КРнын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамында эгерде гимн аткарылып жатканда адам колун төшүнө албаса айып төлөйт деген берене жок.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224106

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.