Жалал-Абадда жол чырактар жаңыланат

  17.05.13   07:54
 253

Жалал-Абадда биринчи жолу жөө жүргүнчүлөр жана унаалар үчүн жол чырактар жаңыланат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Салыжан Умаров билдирди.

Маалыматка караганда, аталган шаардагы негизги 8 жол магистралында жол чырактар орнотулат. Ал эми эскирген жабдыктарды оңдоп, шаардын чет жакаларына орнотуу иши пландалууда.

Жалпысынан 54 жуп жол чырак орнотулат. Алардын баасы 10,8 миллион сомду түзөт. Шаардык бюджеттен 6 млн сом каралган. Калган бөлүгү ЮСАИД тарабынан каржыланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224110

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.