Соцфонддун жана төрөт үйүнүн кызматкерлери ымыркайды сатууга жардам беришкен

  17.05.13   07:56
 289

Ысык-Көл облусунда жаңы төрөлгөн наристени сатуу фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, 27-апрелде Каракол шаарынын тургундары, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн кызматкери жана Жети- Өгүз райондук социалдык фонд башкармалыгынын башкы адисинин көмөгү менен, 45 миң сомго белгисиз жарандарга жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жиберишкен.

Ыкчам издөө иш чарасынын негизинде , наристе аталган облуска караштуу Ак-Суу районундагы Бурма-Суу айылынан табылды. Ымыркайды сатууга катыштыгы бар жарандар кармалды. Алар Ысык-Көл ОИИБга мындан аркы иликтөө иштери үчүн өткөрүлүп берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224111

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.