Милиция Бишкек шаарынан жоголуп кеткен 6 жашар кызды тапты

  17.05.13   07:58
 257

Бишкекте 6 жашар кыз табылды. Бул тууралуу "ВБ" га кечээ, 16- майда борбор калаанын ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Эрлан Баетов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, эртең мененки маалда №5 кичи райондон 6 жашар кыз үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен.

"Кыздын ата-энеси күндүз кечке өздөрү издешкен. Жыйынтыгында кызы кечке маал райондук милиция бөлүмүнөн табылган. Ата-энеси иш менен алектенип жатканда , кыз үйүнөн чыгып кеткени маалым болду. Наристе жүрүп отуруп №6 кичи районго жеткен. Аны ошол жактагы чакан базардын кызматкерлери байкап калышып, жакын арадагы милиция бөлүмүнө жеткиришкен", - деди Баетов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224112

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.