"Бүтүн Кыргызстандын" лидери: Оппозиция өзүлөрүн маданияттуу алып жүрүүдө

  17.05.13   07:59
 258

Кыргызстанда оппозиция хаос жараткылары келбегендиктен, өзүлөрүн маданияттуу алып жүрүүдө. Бул тууралуу кечээ, 16-майда, маалымат жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык партиянын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда оппозициялык күчтү жалпы калк жана бир канча саясий партия түзүүдө.

"Айрым партиялардын азыркы лидерлери хаос жараткылары келбегендиктен, нааразычылык акцияларын уюштурган жок. Бул алардын жогорку маданияттуулугунан кабар берет", - деди саясатчы.

Болуп жаткан митингдер боюнча Мадумаров, алтын чыгаруучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотууну саясий партиялар эмес, жергиликтүү эл талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.

"Мунун баары бийликтин жоопкерсиздиги. Бийликтин эл менен конструктивдүү диалог таба билиши керек", - деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224113

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.