ЖККУнун куралдануусунда техникалык шайкештигин камсыз кылуу протоколу бекитилди

  17.05.13   09:35
 251

Кечээ, 16-майында, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрү менен каражаттарынын куралдары жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган.

Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына белгиленген тартипте жогоруда аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылгандыгы тууралуу маалымдоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224118

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.