Чүй облусунда мал уурулукка каршы рейд өткөрүлдү

  17.05.13   10:17
 335

Чүй облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукка каршы "Касапчы" деп аталган ыкчам иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чалгындоо жүргүзүүнүн максаты- мал ууруларды кармоо, уурдалган малдын этин саткандардын бетин ачуу, ветеринария кызматтары жана айыл өкмөтөрү тарабынан малдар үчүн мыйзамсыз берилген справкаларды аныктоо, этти жана эт продукцияларын, колбасаны мыйзамсыз өндүргөн иш каналары жөнгө салуу болуп саналат.

Иш-чарага 452 милиция жана санитардык эпидемиологиялык станциянын, мамлекеттик салык испекциясынын кызматкерлери дагы тартылган.

Жыйынтыгында, 179 кылмыш иши катталган. Кылмыш иликтөө линиясы боюнча - 41, мурда жазалып бети ачылган кылмыштар- 58, мал уурулук боюнча - 3.

Чалгындоо жүргүзүү учурунда облус боюнча 35 пост коюлган. Алардын 12си стационардык, 23ү көчмө. 185 мурда соттолгон адамдар текшерилген, алардын 128и мал уурулук боюнча. Ошондой эле 14 колбаса цехи, 52 эт павильону жана 19 мал мууздоочу цех текшерилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224120

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.